Биз менен байланышыңыз

Бишкекте батирде жашаган кыздарды тоногондор кармалды

Кыска кабар | 14 Янв 2021 | 688 | 0

Бишкекте батирде жашаган кыздарды коркутуп, тоноп кеткен кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

2021-жылдын 1-январында болжол менен кечки саат 17:00 чамасында белгисиз адамдар жаш кыздар жашаган батирге кирип, физикалык күч колдонуп, акча каражатын, баалуу буюмдарын, эки уюлдук телефонун, банктык карточкасын тартып алышкан. Жабырлануучулар 93 миң сомго жакын зыян тартышкан.

Бул факты боюнча Жазык Кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) менен сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Ушул жылдын 5-январында кылмышка шектүүлөр кармалып, аты-жөнү такталды. Алар Нарын облусунун 33 (Дж.Ж.) жана 22 жаштагы (К. уулу Б.) эки тургуну кармалды.

Соттун чечими менен кармалган жарандар эки айга камакка алынды.

Кылмыштуу топтун башка да кылмыш иштерине тиешеси бары-жогу аныкталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM