Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы былтыр 33 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Кыска кабар | 14 Янв 2021 | 568 | 0

Мамлкеттик салык кызматы 2020-жылы 33 млрд 190,8 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 163 млн сомго көп жыйналды.

2019-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 766 млрд сомго көп топтолду.

Эскерте кетсек, 2019-жылдан тарта камсыздандыруу төгүмдөрүн Социалдык фонддун ордуна Салык кызматы башкарып келет.

Бул кадам бизнес жүргүзүү үчүн юридикалык жана жеке жактардын администрациялык жүгүн азайтууга мүмкүндүк берери айтылган. Мисалы, жарандарга салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча эки отчетту бир гана мамлекеттик органга тапшырууга шарт түзүлдү.

Ошондой эле патент гана эмес, камсыздандыруу полисин да алууга ыңгайлуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM