Биз менен байланышыңыз

Жаш министрдин эт экспорттоо демилгесине эки ача пикирлер

Экономика | 13 Янв 2021 | 852 | 0

Кыргызстан эми тыштан мал алып келип, аны бул жактан багып, семиртип, кайра үчүнчү өлкөлөргө сатат. Бул тууралуу кечээ, 12-январда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев жарыя кылды. Бул долбоор ишке ашса, көрсөткүч өткөн жылкы көлөмдөн 40-60 эсеге көбөйөрүн белгилейт. Айрымдар муну реалдуулуктан алыс демилге деп баалап жатат. Министр өзү сүйлөшүүлөр жүргөнүн, ишке ашырууга болорун айтып ишендирүүдө.

Министр Тилек Токтогазиев бул демилгени ишке ашыруу үчүн бир катар өлкөлөр менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Анын долбооруна таянып айтсак, Перс булуңундагы өлкөлөрдөн, Орусия, Монголия, Казакстан, Беларусия, Украина жана Польшадан арзан бодо мал алынып келинет. Анан бул жактан багылып, союлат да, Кытай жана Араб өлкөлөрүнө экспорттолот. Ал үчүн мыйзамдык өзгөртүүлөр да киргизилип, транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу керек.

«Азыр бир чоң команда иш жүргүзүп жатат. Арзан малды Орусия, Монголия, Казакстан, Беларусия, Украина жана Польшадан алып келип, кайра иштетип, аны Араб өлкөлөрүнө, Кытайга жана башка өлкөлөргө экспорттоо ишин жүргүзөбүз. Муну ишке ашыруу үчүн биз сөзсүз түрдө транзит потенциалын ишке ашырышыбыз керек», — дейт Токтогазиев.

Айыл чарба илимдеринин доктору, академик Жамин Акималиев Токтогазиевдин бул долбоорун жомок катары баалады.

«Токтогазиев эптеп ушу кызматты алып калыштын аракетин кылып эле, шоу, популизм менен иштеп жатат. Менин оюмча, бул айыл чарбаны өркүндөтүү, айыл чарбаны алдыга жылдыруу боюнча эчтеке атпай эле. «Азыр биз транзит аркылуу жыргайбыз, биз алып сатар болобуз», — дейт. Кыргызстан алып сатар өлкө болот экен да, андай болсо, бизди ким сыйлайт? Мунун баары бир эле себеп менен түшүндүрүлөт: Токтогазиев айыл чарба адиси болбой жатпайбы. Мунун адистиги эл аралык байланыш экен өзү, анда Тышкы иштер министрлигине барып иштеши керек да. Биздин айыл чарбага айыл чарба адиси келиши керек да. Ошо билбегендин кесепетинен ушуга алып келип жатат. Баягы кыргызда кеп бар го: «бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун» деген, биздин айыл чарбага ушул тармактын адиси керек, антпесе ушинтип аксай берет».

Негизги көйгөй дүйнөлүк рынокко кирүү эмес, көйгөй ошол рынокко киргизген товардын сапаты жоктугунда экенин айтат экономика боюнча серепчи Темирбек Ажыкулов.

«Түндүк өлкөлөрдөн алып келип сатабыз» дегени иш эмес да, болбойт ал, жарабайт. Элестетсеңиз, логистика канча турат? Биякка алып келип бакканы да — чоң чыгым, союп, пакетке салып ташыганы да — чоң чыгым. Ал өзүн актайбы? Андан көрө бизде канча жылдан бери мал менен иштегендер бар. Ошолорду стандартка алып келип, сабак берип, хаб деген эмне экенин, дарылоо жолдорун үйрөтүп, ушул багытта жардам берсек, пайда көбүрөөк, туруктуу, анан узак мөөнөттүү болот. Эртең орустар чек арасын жаап салса, эмне кылабыз? Азыр министрлик: «Орустардан алып келебиз», — деп жатпайбы. Эртең орустар: «Биздин эт кымбаттап жатат, биз чек араны жабабыз», — десе, анда бул иш өлдү да».

Ажыкулов мындан тышкары министрликтин негизги максаты ички запастарга, сырьёлук базага гана таянуу болбой, өлкөнү айыл чарба өндүрүмүн жана сырьёну кайра иштеткен аймактык хабга айлантуу экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM