Биз менен байланышыңыз

Кара-Кулжа: Ок жеген милиция кызматкерлеринин абалы туруктуу

Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 610 | 0

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын милдетин аткаруучу Жеңишбек Абитов 13-январда кол салууга дуушар болуп ооруканага түшкөн милиция кызматкерлеринен кабар алды.

Облустук милициянын маалымат кызматы кабарлагандай, ок жеген кызматкерлердин абалы канатандырарлык.

Ош ИИББнин башчысы Жеңишбек Абитов жабыркаган кызматкерлерге министрлик тарабынан тийиштүү жардамдар бериле тургандыгын билдирди.

Аларга куралдуу кол салгандарды кармоо, мыйзам чегинде жоопко тартуу аракети көрүлүп жатканын айтты.

13-январга караган түнү саат 01:00 чамасында Ош ИИБине маалымат түшүп, Кара-Кулжа райондук милициясынын өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерине (С.Б.) кол салуу болгону кабарланган.

Ал Кара-Кулжа айылынын Суранбай көчөсүндө өзүнүн «Нива» үлгүсүндөгү автоунаасында отурганда белгисиз адам кол салып, алдыңкы капталдагы терезеге 16 калибрлүү куралдан ок чыгарган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Райондук милициянын тергөөчүсү (Д.К.)  автоунаадан түшкөндө, аны да бирөө далыга аткан. Кызматкер табелдик куралы менен шектүүгө ок чыгарганда, ал качып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык Кодексинин 39-беренеси («Кылмышка аракеттенүү»), 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен катталган. Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында тергөө амалдары жана шектүүнү аныктап, кармоо аракети жүрүп жатат.

Кылмыштын бетин ачуу максатында Кара-Кулжа районунда «Перехват» операциясы киргизилип, Ак-Кыя жана Кара-Кулжа айылына посттор коюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM