Биз менен байланышыңыз

Парламентте КМШ алкагында унаа урдоого бөгөт коюу маселеси каралды

Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 588 | 0

Бүгүн, 13-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «2018-жылдын 20-июлунда Баку шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 25-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуудагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Протокол менен киргизилүүчү өзгөртүүлөр КМШ өлкөлөрүнүн укук коргоо органдарынын Шериктеш өлкөлөрдүн аймагында уурдалган автомобилдер жөнүндө маалыматтарды ыкчам алмашуу жолу менен автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү ич ара иштешүүсүн жакшыртууга багытталган.

Талкуу маалында депутат Рада Туманбаева чет өлкөдө да, Кыргызстанда да катталган унааны билбей сатып алгандарга кылмыш иши козголуп калган учурлар арбын болуп жатканын белгилеп, чыныгы күнөөлүүлөр кармалбай жатканына токтолду.

Ошондой эле депутат Тариел Жоробеков: «Эгер уурдалгандыгы аныкталса, унааны ээсине кайтарып, ал эми сатып алуучуга зыяндын орду толтурулуп берилиши керек», — деди.

Ушундай эле маселеге депутат Айнуру Алтыбаева да токтолуп: «Эгер Кыргызстандан уурдалган машина чет өлкөдөн табылса, ээсине кайтарылабы?» — деген суроо берди.

Өз кезегинде Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов мындай учурлар жаралган жагдайда ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, күнөөлүүлөргө чара көрүү менен бир жыл ичинде ээсине кайтарылып берилерин белгиледи.

«Уурдалган машиналар боюнча коңшу өлкөлөргө жиберилген суранычка көп убакытта жооп беришет. Бул келишимдин негизинде кыска мөөнөттө жооп беришет. Көпчүлүк унаалар 17 сандуу идентификациялык номерден турат. Ошолор өзгөртүлүп, документтер жасалмаланып келет. Ошону так, кыска мөөнөттө текшерүүгө багытталган», — деди Каниметов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM