Бишкек шаарындагы «Орто-Сай» базарында 10 мыйзамсыз соода түйүнү алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Октябрь районунун акимиаты жана кайгуул кызматынын кызматкерлери биргеликте текшерүүгө чыгып, мыйзамсыз соода жүргүзгөн жайлар аныкталды жана мыйзам бузган жарандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Тротуарлардагы жана жол жээгиндеги мыйзамсыз соода-сатыкка бөгөт коюу боюнча текшерүү уланат.