Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров шайлоодогу атаандаштарын баарлашууга чакырды

Кыска кабар | 11 Янв 2021 | 702 | 0

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында шайлоочуларына ыраазычылык билдирип жатып, шайлоодо ат салышкан атаандаштары тууралуу да оюн айтты.

Жапаров аларды өлкө тагдырын оң жолго салууда кеңешүү үчүн атаандаштарын баарлашууга чакырды.

«Президенттикке аттанган башка талапкерлердин да саясатта өз салмагы, кадыр-баркы, тажрыйбалары бар. Алар да эл урматына ээ болгон инсандар. Алардын да өлкөнү өнүктүрүү, кубаттуу мамлекетке айлантуу боюнча ыйык тилектери бар. Мен атаандаштарымды дал ушул тилектери жана сапаттары үчүн сыйлайм. Президент катары толук кандуу ишке киришерим менен шайлоодо чогуу ат салышкан атаандаштарымды баарлашууга чакырам. Бири-бирибизге карата жалган жалаа, ушак-айың, көө жабуудан эл турмушу оңолбойт, бөлүнүп-жарылуудан эч качан утпайбыз. Азыр бизге ынтымак гана керек», — деди Жапаров.

Бүгүн «Ала-Тоо» аянтында Жапаровдун тарапташтары чогулуп, эстрада ырчыларынын концерти өттү.

Жапаровдун шайлоо штабы бул иш-чара тууралуу тийиштүү жактарга маалымат беришкени айтылды.

Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгында талапкер Садыр Жапаров 1 млн 116 миң 28 добуш алды, бул шайлоого келгендердин 79 пайыздан көбүрөөк бөлүгүн түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM