Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Мамытов эл аралык байкоочуларды кабыл алды

Кыска кабар | 11 Янв 2021 | 566 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 11-январда президенттик шайлоо жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзгөн эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары менен жолугушту.

Жолугушууга КМШ, ШКУ, ЖККУ Парламенттик Ассамблеясы, ТМКК, ТүркПА, Ислам Кызматташтык Уюму, Орусиянын, Өзбекстандын БШКларынан эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары катышты.

Талант Мамытов шайлоо менен референдум Кыргызстан эли үчүн, айрыкча, парламенттик шайлоонун жүрүшүндө болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар аныкталган Октябрь окуясынын өңүтүндө өтө чоң мааниге ээ болгонун белгиледи. Ал өнөктүк тынч, ачык-айкын жана акыйкат өткөнүн айтты.

«Үгүт кампаниясын жүргүзүүдө президенттикке ат салышкан бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттар түзүлдү, ал эми жарандардын саясий позициялары менен көз караштарын билдирүүсүнө эч кандай тоскоолдуктар болгон жок», — деди Мамытов.

Эл аралык байкоочу миссияларынын өкүлдөрү Талант Мамытовду шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, шайлоо процесси жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилешти.

Одоно мыйзам бузуулар катталбагандыгы, добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныкталган учурларда жооптуу адамдар тарабынан ыкчам чаралар көрүлгөндүгү айтылды.

Алар өлкөнүн мамлекеттик органдары экономикалык жана эпидемиологиялык оор кырдаалга карабастан, кыска убакыттын ичинде шайлоону жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн бир топ иштерди жасап жетишкендигин кошумчалашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM