Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында эстрада ырчыларынын концерти өтүп жатат.
Маалыматтарга караганда, аянтка президенттикке талапкер Садыр Жапаров келип, шайлоочуларына кайрылат.
Жапаровдун шайлоо штабы бул иш-чара тууралуу тийиштүү жактарга маалымат беришкени айтылды.
Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгында талапкер Садыр Жапаров 1 млн 116 миң 28 добуш алды, бул шайлоого келгендердин 79 пайыздан көбүрөөк бөлүгүн түзөт.