12-январь Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, залкар обончу, композитору Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү. Ал көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак.
Бул күнгө карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 12-январда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында иш-чара өткөрөт.
Ал санитардык-эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен өтүп, чакан форматта концерт тартууланат.