Биз менен байланышыңыз

Мугалимдерге квалификациялык категориялар кайра ыйгарылат

Кыска кабар | 11 Янв 2021 | 2628 | 2

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдерге кайрадан квалификациялык категорияларды ыйгарат. Бул үчүн 2021-жылдын май айынан баштап, кийинки окуу жылынын башталышына чейин мектеп мугалимдеринин ыктыярдуу аттестациясын өткөрүү пландалууда.

Мугалимдерге квалификациялык категорияларды ыйгаруу аттестациялоонун негизинде ишке ашырылат. Кийинки окуу жылынын башынан баштап бул үчүн ай сайын кошумча акы төлөө калыбына келтирилет.

Жалпы билим берүүчү уюмдардын категория ээси болгон мугалимдерине кошумча төлөмдөр жумасына 20 саат иштегени (окутуучулук иши) үчүн төлөнөт:

  • Жогорку категория үчүн – 2000 сом;
  • Биринчи категория үчүн – 1500 сом;
  • Экинчи категория үчүн – 1000 сом.

2021-жылдын 4 айына жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине категория үчүн кошумча акыга республикалык бюджеттен 99,7 миллион сом каралды.

Мугалимдерди аттестациялоонун максаты:

  • педагогикалык чеберчилигинин деңгээлин жогорулатуу;
  • кесиптик жана инсандык өсүшүн камсыз кылуу;
  • Мугалимдерди билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шыктандыруу.

2 пикир

2 пикир

  1. Гүлзат

    12.01.2021 09:08

    20саат өтүлгөн байкуштар дагы деле эч нерсеге жарабай жүрө берет экенбиз да.Мурда айлык көтөрүлгөндөн жаш мугалимдерди,сааты аздардыкына аз эле кошулган

  2. Чолпон

    12.01.2021 20:03

    Мугалимдердин мурдагы категориялары каралабы? (Мурдагы алган категорияларыбыз сакталып калабы?)Же кайра эле категория алабыз деп жүрөбүзбү?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM