Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Мигрант болуп жүргөн жаштарды мекенине кайтаруу керек

Кыска кабар | 11 Янв 2021 | 972 | 0

Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча жеңип чыккан талапкер Садыр Жапаров орусиялык «Коммерсант» басылмасына маек курду.

Журналист Садыр Жапаровдун үгүт маалында жарыяланган билборддорунда «Келечекке кызмат кылуу» деген ураан жазылганын жана кеп кайсы келечек үчүн кызмат кылуу жөнүндө болуп жатканын сураган.

Садыр Жапаров өзүн негизинен жаштар жана карапайым калк колдой турганын, бул элдин 70-80 пайызын түзөрүн айткан.

«Келечек жаштардын колунда, мен аларга кызмат кылгым келет. Менин программамда чет өлкөлөргө кеткен жаштарды мекенине кайтаруу тууралуу пункт бар. Жаштар негизинен Орусия, Казакстан, Европа, Америка, Түштүк Кореяда жүрүшөт. Алардын баарын өлкөгө кайтаруу керек», — деди Жапаров.

Жапаровдун маалыматы боюнча акыркы 30 жылда Кыргызстандан 2 млн адам, негизинен жаштар чыгып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM