Биз менен байланышыңыз

Транспорт министрлигинин өкүлү мамлекетке 2,5 млн сом кайтарды

Кыска кабар | 11 Янв 2021 | 440 | 0

Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев 9-январда мамлекеттик бюджетке 2,5 млн сомду кайтарып берди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

Коррупцияга шектелип кармалган Эрмек Мамыркалиев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Финансы полициясынын маалыматы боюнча, Мамыркалиев Бишкек — Ош унаа жолунун мамлекеттик дирекциясы тарабынан жасалып келген коррупциялык схемага тиешеси бар деп айыпталган.

2018-жылы «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө пункттарына айдоочулардан туннелден өткөндүгү үчүн акы алган атайын автоматташтырылган техника орнотулган.

Ага Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясы жооптуу болгон. Ата мекендик, чет элдик жана жүк ташуучу автоунаалар үчүн тарифтер коюлган.

Бирок дирекциянын айрым кызматкерлери бир топ убакыттан бери айдоочулардан көрсөтүлгөн тариф боюнча акча алып турушкан да, системадагы маалыматтарды алмаштырып коюшкан.

Ортодогу ири суммадагы акчаны өздөрүнө ыйгарып алган. Бул иштер Транспорт жана жол министрлигинин жетекчилигинин калкалоосу менен жасалып келген.

Бул кылмыш иши боюнча 30 аткаминер кармалган. Алардын мамлекетке келтирген чыгымы 20 миллион сомду түзөрү айтылган. Мамлекеттик бюджетке 16 миллион сомдон ашыгы кайтарылары да маалымдалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM