Биз менен байланышыңыз

Шайлдабекова: Урна бир бюллетенди эки жолу санабашы керек

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 439 | 0

Урналар бир бюллетендерди эки жолу эсептебеши керек. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифинг учурунда билдирди.

Буга чейин №3132 шайлоо участкасында референдум үчүн урна бир бюллетенди эки жолу эсептегени маалымдалган.

«Акыркы өнөктүктө мындай бир учур катталды: урна бюллетенди кабыл албай койгон. Кайра салганда гана алып, мындан улам бир бюллетень эки жолу эсептелип калган. Кадимки шартта мындай болушу мүмкүн эмес», — деди Шайлдабекова.

Copyright © 2017 Maral FM