Биз менен байланышыңыз

Президент БШК төрайымы менен алдыдагы шайлоолорго даярдыктарды талкуулады

Кыска кабар | 5 Мар 2020 | 477 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн өлкөнүн Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Жолугушууда өлкөнүн парламентинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктардын жүрүшү талкуулашканын президенттин маалымат кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы мыйзамга ылайык, шайлоонун жүрүшүнүн толук ачык-айкындуулугун, шайлоо кампаниясына бардык саясий партиялардын катышуусун жана аларга бирдей шарттарды түзүүнү камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун алдында айрым шаарларда жарандарды массалык каттоо боюнча жакында болгон окуяны эске салып, шайлоо процессинин айрым субъектилеринин мындай кадамдарына тынчсыздануусун билдирди.

«Буга карата тиешелүү мамлекеттик органдардын ыкчам реакциясын канааттануу менен белгиледи. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) ар дайым мындай фактыларга өз убагында жооп берип, ал эми укук коргоо органдары тиешелүү баасын бериши керектигин кошумчалады. Жээнбеков алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо мамлекеттик органдардын парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдыгы кандай экенин текшерүү болуп саналаарын эскертти. Буга байланыштуу алардын толук ачык-айкындуулугун камсыздоо зарылдыгына дагы бир жолу токтолду», — деп айтылат билдирүүдө.

Өз кезегинде Шайлдабекова жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө бардык даярдык иш-чаралары өлкө мыйзамдарына ылайык өтүп жатканын билдирди. Саясий партиялардын шайлоо мыйзамдарынын негизги принциптери тууралуу кабардар болуусун жогорулатуу максатында өлкө аймактарында тиешелүү семинарлар өткөрүлгөнүн айтты.

Ошондой эле шайлоо мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана мыйзам бузууларга каршы аракеттерди көрүү маселелери боюнча укук коргоо органдарынын катышуусунда аймактарда жыйындар өткөрүлгөнүн маалымдады.

Белгиленгендей, алдыдагы шаарлардагы жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго жыйырма эки саясий партиянын катышуусу өлкөдөгү шайлоо процессинин атаандаш жана демократиялуу болушунун күбөсү.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына кабыл алынган түзөтүүлөргө ылайык, 25 айылдык кеңешке аялдар үчүн 30 пайыздан кем эмес мандатты резервдөө колдонулат. Ал алдыдагы шайлоолордо жергиликтүү кеңештерде аялдардын катышуусун 38 пайызга чейин көбөйтүүгө негиз болуп бере алат. Айылдык кеңештерге бардыгы болуп 375 депутат шайланат, алардын 142 мандатына аялдар келе алат.

Copyright © 2017 Maral FM