Биз менен байланышыңыз

БШК: Батирлерге жүздөгөн адамдарды каттоого алууга мыйзамда тыюу жок экен

Кыска кабар | 13 Фев 2020 | 721 | 0

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгүнүн алдында жер-жерлерде жарандарды жапырт каттоолор жүрүп жатканы боюнча  тийиштүү чаралар көрүлөт.

Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын (БШК) башчысы Нуржан Шайылдабекова Жогорку Кеңештин бүгүн, 13-февралда өткөн жыйынында билдирди.

Мамкатоо кызматынын маалыматына караганда, калк жыш жайгашкан көп жерлерде, айрыкча, Ош, Токмок, Балыкчы, Токмок, Каракол шаарларында жарандарды жеринде каттоонун кескин өсүү белгилери байкалган. Биз жаңыдан туруктуу каттоого турган жарандарды категорияларга бөлүү менен талдап чыгып, ошого жараша тийиштүү чараларды көрүү чечимине келдик. Ошондо шайлоочулардын тизмесине киргизилген адамдардын саны так аныкталат, — деди БШК башчысы.

Анын айтымында, президенттик шайлоодон кийинки эки жылда шайлоочулардын тизмеси 300 миң адамга өскөн. БШК башчысы быйыл өлкөнүн жалпы калкын каттоо өнөктүгү, Парламенттик шайлоо өтөрүн эске алып, шайлоочулардын так тизмесин түзүү зарылдыгын белгиледи.

Ал эми батирлерге жүздөгөн адамдарды каттоого мыйзамда тыюу жок экенин билдирди:

Биз бир батирде же үйдө канча адамга чейин каттоого турса болот деген суроого жооп издедик. Көрсө, мыйзамдарда андай чектөө жок экен, — деп кошумчалады Нуржан Шайылдабекова.

Copyright © 2017 Maral FM