Биз менен байланышыңыз

8-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 7 Янв 2021 | 629 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең 8-январда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондоруна туман түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8;

Талас облусунда түнкүсүн -17…-19, күндүз -1…-3;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6;

Баткенде түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1;

Нарын жергесинде түнкүсүн -19…-24, күндүз -8…-13.

Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын болбойт. Ал эми түнкүсүн каар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -14…-16, күндүз -6…-8 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM