Биз менен байланышыңыз

Шайлоо участкаларынын 83%на пандус орнотулду

Кыска кабар | 7 Янв 2021 | 939 | 0

Кыргызстандагы шайлоо участкаларынын 83 пайызы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер адамдар үчүн коюлуучу пандустар менен жабдылды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүү үчүн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын керектөө картасы жаңыланып, шарттар түзүлүп жатат.

-2017-жылда өткөн президенттик шайлоого салыштырмалуу шарттар жакшырып баратат. Анкени 2017-жылы шайлоо участкаларынын үчтөн бирине гана пандус орнотулган болчу.

Өткөн жылдын февраль айында пандустар менен жабдылган шайлоо участкалары 43 %га, августта 65 %га, сентябрда 79 %га, ал эми декабрда 83,4 %га жеткени белгиленди.

Мындан тышкары 185 участкада пандуска муктаждык жок. Ал эми 215 шайлоо участогунда атайын жабдуу орнотула элек. Пандусу жок участоктордо атайын «чакыруу баскычы» орнотулууда. Эгерде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар шайлоо участогуна келип ал быскычты басса, шайлоо участогунун кызматкерлери же ыктыярчылар чыгып жардам беришет. Добуш берүүчүлөр келип тоскоолдуксуз шайлоого катышып кетүүгө шарттар түзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM