Биз менен байланышыңыз

Барак Обама Трамптын аракеттерин сындады

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Янв 2021 | 970 | 0

АКШнын мурунку президенти Барак Обама Вашингтондогу соңку окуялар тууралуу өз пикирин билдирди. Ал учурдагы президент Дональд Трампты зомбулукка жана шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө жалган айтты деп айыптады.

«Капитолийдеги мыйзамдуу шайлоонун натыйжалары жөнүндө азыркы президент жалган-жалаа жабууну улантып жатат. Анын Капитолийдеги күчөтүлгөн зордук-зомбулук аракеттери өлкөнүн аброюна шек келтирген жана уятка калган учуру тарыхта калат», — деди Обама өзүнүн Твиттер баракчасында.

Экс-президенттин айтымында, бул күтүлбөгөн окуя болбошу керек болчу. Республикалык партия жана ага тийиштүү массалык маалымат каражаттары акыркы 2 айдан бери өз тарапкерлерине шайлоо жөнүндө чындыкты айткысы келбей жатат. Анан дагы шайланган президент Жо Байден 20-январда кызматына кирерин да маалымдаган эмес. Обама бул чындыкты жашыруу ушундай кесепеттерге алып келдидеген ойдо.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Вашингтондогу президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык акцияларын айыптады. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

«Америка Кошмо Штаттары ар дайым дүйнө жүзү боюнча демократияны жактап келген, ошондуктан бул мамлекеттеги бийликтин транзитинин тынч жана мыйзамдуу жол менен өтүшү абдан маанилүү», — деп жазган Жонсон. Ал нааразылык акцияларын «уят көрүнүштөрү» деп атады.

Ошондой эле, Республикачы-сенатор Митт Ромни Капитолийдеги кырдаалды «президент козгогон козголоң» деп атады.

«Бүгүн бул жерде болгон окуя Кошмо Штаттардын Президенти козгогон көтөрүлүш болду»,-деди Ромни.

Ромни учурдагы президент Дональд Трампты «эки ай бою атайылап туура эмес маалымат берип, андан кийин бүгүн эртең менен иш-аракет кылууга үндөгөн»,-деди.  Ал «Жарадар сыймыгы бар адам» деп Трампты атады.

Эскерте кетсек, Вашингтондо 21-январга чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM