Биз менен байланышыңыз

Автоматтык эсептөөчү урналар тестирлөөдөн өткөрүлдү

Кыска кабар | 6 Янв 2021 | 494 | 0

Бүгүн, 6-январда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия кезексиз президенттик шайлоого жана референдумга даярдык көрүү алкагында маалыматтарды автоматтык түрдө окуган шайлоо үкөктөрүн тестирлөөдөн өткөрүп жатат.

Автоматтык эсептөөчү урналар шайлоо тилкелериндеги бюллетендерди кабыл алууну жана эсептөөнү жүргүзөт. Модемдин жардамы менен үкөктөрдөн алынган маалыматтар добуш берүү аяктагандан кийин БШКнын борбордук серверине өткөрүлүп берилет.

Тестирлөөнүн жүрүшүндө автоматтык эсептөөчү урналардын маалыматтарды берүү натыйжалуулугу 95 %га чейин көтөрүлдү. БШК бул багытта көйгөй жаралбай турганын айтууда.

Ошол эле учурда бийик тоолуу аймактардагы 11 шайлоо тилкесинде интернет байланышы жок экени айтылды.

Андагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жакынкы участокторго жеткирилип, БШКга өткөрүлөт. Маалыматтарды өткөрүп берүү процессине коопсуздук кызматкерлери көзөмөл кылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM