Биз менен байланышыңыз

Өмүрзаков: 450 миңдей жаран шайлоого катыша албайт

Кыска кабар | 6 Янв 2021 | 322 | 0

«Форма №2» ыкмасынын жокко чыгарылгандыгына байланыштуу президенттик шайлоого 450 миңдей жаран катыша албайт. Бул тууралуу узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүү боюнча эксперт Арсланбек Өмүрзаков маалымат жыйында кабарлады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы шайлоодо жана референдумда добуш берүүчүлөрдүн саны 3 млн 563 миң 574 болгонун кабарлады. Шайлоочулардын тизмеси 2-январь күнү tizme.gov.kg. порталындагы маалымат боюнча бекитилди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Форма №2» ыкмасы жоюлганына байланыштуу шайлоочулардын саны азайганын билдирген. Айрыкча Бишкек шаарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында шайлоо тизмесине кирген жарандардын саны азайган.

2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо 400 миңден ашуун адам «Форма №2» аркылуу добуш берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM