2020-жылы пенсия жана жөлөк пулду каржылоого 47 млрд 857 млн 600 миң сом сарпталды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы кабарлады.
Бишкек шаарына — 7 млрд 833,7 млн сом;
Чүй облусуна — 7 млрд 376,1 млн сом;
Нарын облусуна — 3 млрд 837,0 млн сом;
Ысык-Көл облусуна — 4 млрд 347,7 млн сом;
Талас облусуна — 1 млрд 979,0 млн сом;
Ош шаарына — 1 млрд 720,8 млн сом;
Ош облусуна — 8 млрд 792,1 млн сом;
Баткен облусуна — 3 млрд 825,5 млн сом;
Жалал-Абад облусуна — 8 млрд 145,8 млн сом.
Пенсия жана жөлөк пулдардын каржылануусу 2020-жылдын декабрь айына 4 млрд 200 млн 600 миң сомду түздү.