Биз менен байланышыңыз

Саитбурхан: «Суперхандык» Конституцияда эч кимдин жоопкерчилиги каралган эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Янв 2021 | 1305 | 0

«Суперхандык» Конституцияда парламенттин тургай, эч кимдин жоопкерчилиги каралган эмес. Мындай пикирин парламенттик башкарууну жактаган топтун мүчөсү Перизат Саитбурхан «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Эгерде парламентти жооперчиликсиз десек, анда кийинки шайлооодо ал партияларды шайлабай коюуга укуктуубуз, же болбосо президент парламентти таратып жибере алат. Ал эми «Суперхандык» Конституция кабыл алына турган болсо, президент эч кимдин алдында жооп бербейт. Супер жоопкерсиздик деңгээлге өтүп жатабыз», — дейт Саитбурхан.

Анын баамында, президенттик башкаруу орносо Кыргызстан Түндүк Кореянын деңгээлине түшүп, президентке каршы сөз айткандар жок болуп кетиши да ыктымал. Андыктан эл туура чечим кабыл алышы зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM