Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Кара-Сууда байкоочуга кысым көрсөтүлгөн эмес

Кыска кабар | 5 Янв 2021 | 474 | 0

Кара-Суу райондук милициясы шайлоо өнөктүгүнө байкоо салган көз карандысыз байкоочуга кысым көрсөткөн эмес. Бул тууралуу 5-январда Борбордук шайлоо комиссиясы менен Ички иштер министрлигинин биргеликте өткөргөн жыйынында айтылды.

«Милиция кызматкери байкоочуну тийиштүү маалыматтарды берүү үчүн телефон аркылуу чакырган. Ал муну кысым катары кабыл алган. Учурда бул маселе боюнча кошумча иликтөө жүрүп жатат», — деп айтты ИИМдин өкүлү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева Фейсбуктагы баракчасына Ош облусуна караштуу Кара-Суу райондук милициясы тарабынан шайлоо өнөктүгүнө байкоо салган көз карандысыз байкоочуга кысым көрсөтүлүп жатканын жазган.

Маалыматка караганда, милиция кызматкери байкоочуга шайлоо участогунда эч кандай мыйзам бузуу болбогону тууралуу арыз жаздырууга мажбурлаган.

БШКнын ыкчам чара көрүү тобу шайлоо өнөктүгү учурунда болгон мыйзам бузууларды талкуулап жатат. Анда ИИМдин өкүлдөрү да маалымат берүүдө.

Кыргызстанда 10-январга белгиленген президенттик шайлоо жана референдум өткөрүүдө коомдук коопсуздукту 11 миңдей милиция камсыздайт. Шайлоо участокторун кайтарууга 5 миңдей милиция бөлүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM