Кечээ, 5-январда журналист Дайырбек Орунбеков «Манас» аэропортунун жетекчиси Бактыбек Сыдыковго кеңешчи болуп дайындалды. Ал буга чейин да мурдагы Эмгек жана cоциалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кеңешчиси болуп иштеген. Буга чейин да бир катар кызматтарга кеңешчи болуп дайындалган жарандарга карата коомчулукта ар түрдүү нааразычылыктар жана сын-пикирлер айтылып келген. Мамлекеттик жогорку кызматтын жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилерине кеңешчи болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуп, кандай талаптарга жооп бериши керек? Кеңешчинин жоопкерчиликтери жана милдеттери кайсылар? Кеңешчилер кандай жол менен кызматка дайындалат? Ушул багытка кызыгып көрдүк.
Былтыр 5-6-октябрь окуяларынан кийин Бишкектин мэри болууну көздөгөндөрдүн бири, жарандык активист Төрөхан Жунусбеков 8-декабрда «Альфа Телеком» компаниясынын директорунун кеңешчиси болуп дайындалган. Арадан көп өтпөй, 14-декабрдан тарта эмгек өргүүсүнө чыкканы коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Ошол эле митингдерде активдүү жүргөн «Чоң Казат» партиясынын өкүлү Асхат Осмонов да учурдагы мэрдин милдетин аткаруу Түлөбаевдин кеңешчиси болгон.
Ага чейин Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында экономикалык маселелер боюнча убактылуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр болуп турган Садыр Жапаровдун кеңешчиси болгонун билдирген эле.
Бирок, Садыр Жапаров коомдук телеканалга берген маегинде Акылбек Жапаровду 3 күндөн бери таппай жаткандыгын, жумушка келбегенине байланыштуу кеңешчиси болбой калганын жарыялаган.
Мындан сырткары эстрада ырчысы Урмат Усеновдун Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун кеңешчиси болгону, тамада жана куудул Эрнест Бөрүбаевдин мурдагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун коомдук кеңешчи болуп дайындалышы да бир топ талкуу жараткан болчу.
Кыргызстандагы мыйзамдарга ылайык, кайсы бир мамлекеттик мекеменин кеңешчиси болуп иштеген адам, кийинки карьерасында жетекчилик кызматтарга бара алат. Кыргызстандагы чиновниктердин көпчүлүгү өзүнө коомдук башталыштагы кеңешчи дайындоо ыкмасын колдонушат. Ага мамлекеттен айлык акы төлөнбөйт. Бирок алардын кызматы расмий чыгарылган буйрук менен бекитилет.
Ар дайым кайсы президенттин мыкты кеңешчиси болсо, ошол президент туура иштей турганын мезгил көргөзүп жаткандыгын, кеңешчи деген өлкөдөгү кырдаалды эң туура баалап, жетекчиге кошоматтанбай, туура багыттарды көргөзүп, кашкайган чындыкты айта алган адам болушу керектигин тарыхчы Кыяс Молдокасымов билдирди.
«Эгемендүүлүктөн бери президенттердин кеңешчилери жарыбай койду. Мисал үчүн Аскар Акаевдин кеңешчиси Леонид Левитин болчу. Ал еврей Кыргызстандын бүт кызыкчылыктарын башка өлкөлөргө ырастап берген. Андан кийинки президенттердин деле кеңешчилери жыргатып бир кеңеш бербегенин көрүп жатабыз. Кеңешчиден көп нерсе көз каранды. Кеңешчи дегенде эч болбосо губернаторлордон өйдө турган кызматтагыларга көбүрөөк көңүл бурушу керек. Ал эми майда ишканалардын кеңешчилери көбүнчө убактылуу коюлган адамдар, же болбосо иш таап берүү керек болгон учурда пайдаланчу орун сыяктуу».
Саясатчы Ишенбай Кадырбеков мамлекеттик саясий кызматкерлер өздөрү каалаган кишини кеңешчи кылып дайындагандыктан, тандалган кеңешчи жетекчинин деңгээлинен кабар берет деп эсептейт.
«Кеңешчи болгон адам ошол тармакта билими бар, тажрыйбасы бар адам, анан аналитик болушу керек. Кеңешчи болуп барган адам эч нерсени билбесе, анда кеңешчини тандап жаткан кишинин да деңгээли ошондой экендигин көрсөтүп турат».
Ал эми юрист Эржан Кайыпов кеңешчи коомдун жана мамлекеттин муктаждыгы эмнеде болуп жатса, ошого төп келе турган, булганбаган, аброюна доо кетпеген, буга чейин башка саясий топтор менен мамилеси болбогон жарандардан дайындалса туура болмок деп ойлойт.
«Кыргызстандын азыркы абалын эске алганда, кайсы саясий топ жана инсандар ушундай кырдаалга алып келгендигин эске алганда, жаңыланууну убадалаган лидерлер кеңешчилерин, жардамчыларын репутациясына карап, текшерип алышы керек эле. Себеби саясатчынын эң кымбат нерсеси — репутациясы. Анын аброю жанындагы, ага кеңеш айткан, жардам кылган адамдардын да репутациясына байланыштуу болот. Акыркы убактардагы мындай кеңешчилердин дайындалышы 30 жылдан бери келе жаткан кадр саясатындагы чоң каталардын дагы бир тастыктамасы болуп калды. Кадр саясаты эч кандай прогресске учураган жок, тескерисинче регресс болуп жатат».
Эске салсак, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун да, экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин да үчтөн кеңешчиси болгон. Ал эми азыр кайда экени белгисиз болуп, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун 11 кеңешчиси бар болчу.