Биз менен байланышыңыз

Талас: «Шаурма сити», эт, уюлдук телефон саткан дүкөн жана чач тарач күйгөн

Кыска кабар | 5 Янв 2021 | 416 | 0

Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы тез тамактануучу жайдын өрттөнүшүнө газ баллонду колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Тилсиз жоонун аянты болжол менен 140 чарчы метрди түзгөн. 

4-январь күнү саат 14:53тө Кызыл-Адыр айылынын Ч. Айтматов көчөсүндө Борбордук базардын жанында «Шаурма Сити» тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, өрт чыккан. Анын кесепетинен 11 адам күйүк алышкан. Анын төртөө эркек, бешөө аял. 

Павильондо Шаурма сити, эт, уюлдук телефон саткан дүкөн жана чач тарач күйгөн. 

Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм, медициналык тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган. Тилсиз жоо саат 15:28де чектөөгө алынып, саат 16:52де толук өчүрүлгөн. 

Учурда келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM