Биз менен байланышыңыз

Сариев: Референдум боюнча жалпы 16 үгүт тобу түзүлдү

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Янв 2021 | 728 | 0

Конституциялык референдум боюнча жалпы 16 үгүт тобу түзүлдү. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Үгүт топторунун максаттарында жана түпкү түзүлүшүндө айрым талаштуу учурлар болду. Топторду абдан майдалап жибердик. Бул мыйзамдарды аткарууда кедергисин тийгизет. Негизи эле референдум үчүн өтө кыска мөөнөт берилип, көп түшүнбөстүктөргө алып келди. Мыйзамга ылайык, референдум өткөрүүгө жок дегенде 4 ай берилиши керек. Ошондо жарандар ой жүгүртүп, тандай алат», — дейт Сариев.

Анын айтымында, Конституциялык референдум, тагыраагы, башкаруу формаларынын айырмалары тууралуу коомчулукка маалымат жеткиликтүү таратылган жок.

Алдыда Референдумдун катышуучуларынын тандоосуна жараша жаңы Конституция жазылат же өзгөртүүлөр киргизилет. Катышуучулар бюллетенде көрсөтүлгөн үч багыттын (президенттик, парламенттик, баарына каршы) бирөөсүн гана тандашы керек. Бюллетенге 2 белги коюлса, жараксыз болуп калат.

Референдумга үгүттөй турган топтордун дебаттары башталат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM