Биз менен байланышыңыз

Референдумга үгүттөй турган топтордун дебаттары башталат

Кыска кабар | 4 Янв 2021 | 466 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-январга дайындалган референдумда үгүт жүргүзүү үчүн 15 топту каттады. Анын ичинде:

— президенттик республикага «макул» – 8 үгүт тобу;

— президенттик республикага «каршы» – 1 үгүт тобу;

— парламенттик республикага «макул» – 3 үгүт тобу;

— парламенттик республикага «каршы» – 1 үгүт тобу;

— бардык варианттарга каршы – 2 үгүт тобу.

28-декабрдан тарта «КТРК» менен «ЭлТРде» референдумга коюлган маселелерге «макул», «каршы» жана «бардык варианттарга каршы» үгүт топторунун дебаттары, жекече чыгып сүйлөөлөрү өткөрүлүүдө.

Чүчүкулактын негизинде бөлүштүрүлгөн эфир убактысына ылайык «КТРК» телеканалында үгүт топторунун кезектеги дебаттары 4-5-январда өткөрүлөт, эфир убактысы – саат 20:00дөн 22:00гө чейин.

«ЭлТР» телеканалында 6- 8-январь күндөрү саат 19:00-20:30 аралыгында өтөт.

Мындан тышкары, үгүт топторунун жеке кайрылуулары болот, ал  ЭлТРде 4-5 январь күндөрү саат 22:05 -23:30.

КТРКда 6-8 январь күндөрү 22:30 до 23:30 аралыгында болот.

Кыргызстанда 10-январда президенттин шайлоо менен кошо референдум да өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM