Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда акыркы суткада коронавирус жуктургандар катталган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Янв 2021 | 1055 | 0

Акыркы сутканын ичинде Тажикстанда коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

30-апрелден бери Тажикстанда жалпы 13 300 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын ичинен 12 980 адам айыкты. Оорунун кесепетинен 90 адам көз жумду.

Соңку суткада Казакстанда 645 адамдан коронавирус оорусу аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы билдирди. Пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 157 миң 579 адамдан COVID-19 оорусу аныкталды.

Ал эми Кыргызстанда 4-январга карата COVID-19 илдетинен Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болду, жалпы өлүм учурлары 1360ка жетти.

Акыркы суткада 83 адамдан коронавирус аныкталды. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктургандардын жалпы саны 81 миң 388ге жетти.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 165 адам айыгып, ооруну жеңгендердин жалпы саны 76 миң 728ди түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM