Кыргызстандын Украинадагы элчиси Жусупбек Шарипов Украинанын, Болгариянын жана Румыниянын аймагында жашап жаткан кыргыз жарандары менен видео байланыш аркылуу баарлашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
29-декабрда элчи Шарипов чет өлкөдө кыргыз маданиятын илгерилетүү боюнча элчиликтин ишине активдүү катышкан, пандемия учурунда оор абалда калган мекендештерине жардам көрсөткөн, акча каражаттарын топтогон Кыргызстандын жарандарына ыраазычылык каттарды ыйгарды.
Шарипов жарандарды 2021-жылдын 10-январында боло турган президенттик шайлоого жана референдумга активдүү катышууга чакырды. Онлайн жолугушуунун аягында элчи жарандардын суроолоруна да жооп берген.