Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыска кабар | 31 Дек 2020 | 481 | 0

Жаңы жыл майрамына байланыштуу Кытай тараптын демилгеси менен 1-январдан тарта «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

«Торугарт» бекетинен автоунааларды өткөрүү 4-январда, «Эркечтамда» 2-январда жандандырылат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, бул посттор Кытайдан Кыргызстанга товар ташуу үчүн гана иштеп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM