Жаңы жыл майрамына байланыштуу Кытай тараптын демилгеси менен 1-январдан тарта «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
«Торугарт» бекетинен автоунааларды өткөрүү 4-январда, «Эркечтамда» 2-январда жандандырылат.
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, бул посттор Кытайдан Кыргызстанга товар ташуу үчүн гана иштеп жатат.