Биз менен байланышыңыз

Экономика-2020: Пандемиядан Кыргызстан көбүрөөк жабыркады

Экономика | 31 Дек 2020 | 517 | 0

2020-жыл башка тармактардагыдай эле экономика үчүн да каатчылыктын жылы болду. Дүйнөнү каптаган пандемия кыргыздын багы жакшы ачыла элек экономикасын ого бетер орго түрттү. Чек аралардын жабылышы, ишкердикке болгон тоскоолдук, саясий туруксуздук, доллардын туруксуздугу жана башка көйгөйлөр коштогон бир жылдагы экономикалык абал тууралуу сөз кылабыз.

Жыл башында өлкөнүн экономикалык абалы, дарамети кыйла жакшы болчу. Аны март айынын соңундагы ИДӨнүн 1,5 пайызга өсүшүнөн байкоого болот. Бирок көңүл жылыткан бул көрсөткүч көпкө созулган жок. Март айынын соңунан өлкөгө карантиндик режим кирип, импорт, экспорт, соода, тейлөө тармактары, базарлар толугу менен жабылды. Арадан төрт ай өткөндөн кийин гана баары акырындан калыбына келе баштады. Бирок экономикалык абал дароо жакшырып кетпеди. Эл аралык каттамдар, чек арадан өтүүлөрдөгү чектөөлөр баары бир чоң таасирин берип турду. Ошентип бүгүнкү күндө ички дүң өңдүрүм 7,5 %га пайызга төмөндөдү. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Арзыбек Кожошев ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен эң көп зыян тарткан же экономикалык жактан артка кеткен өлкө Кыргызстан болгонун айтты.

«Бардык мамлекеттер ата мекендик ишкерлерди колдоого алып, экспорт жана импортко көбүрөөк маани бере баштады. Ал эми биздин экономикабыз ачык, Кытайдын таасири чоң болгондуктан, чек аралардын жабылышы терс кесепетин тийгизди. Өкмөттүн экономикалык кризистен чыгуу чаралары жакшы болгон жок».

Быйыл Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 30,9 пайызга кыскарып, 398 млн долларды түзгөн. Ал эми 2019-жылы жалпы 576,8 млн доллар инвестиция келген. Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев айткандай, өлкөгө эң көп капитал тартылган тармак болгон тоо-кен иштери боюнча 20-25 миллион доллардык инвестиция келбей калды. Министрлик инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүп берүү аракетинде экенин билдирди.

«Сырттан келе турган инвесторлорго чектөөлөр алынып жатат. Бул инвесторлордун кайтып келип, экономикага салым кошуусуна шарт түзөт. Чыгып кеткен инвестициянын көлөмү — кирген инвестицияга караганда жогору. Бул — ишкердикте боло турган иштер. Экономикада ар кандай кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге мыйзамдын жогорку деңгээлдеги даярдыгы болбой, административдик түрдүү тоскоолдуктар жаралып калышы ыктымал. Мындан сырткары калк инвесторлор тууралуу туура эмес көз карашта калышы мүмкүн. Ошондуктан бул багытта ар дайым иш жүргүзүшүбүз керек. Мыйзам жагынан бизде жакшы шарттар түзүлгөн. Алсак, бизде салыкка болгон басым төмөнүрөөк».

Өлкөдө инвестициянын 90 пайызы кайра иштетүү өндүрүш ишканаларына, кен казуу, геологиялык чалгындоого, каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган.

Негизинен Кыргызстандын тоо-кен өнөр жайындагы жана геологиялык чалгындоо тармагындагы инвестициялык жоготуулар болду. Бул тармактардагы ар кандай маселелер терс таасирин тийгизип, активдүүлүгү азайды. Ушул себептен айыл чарба, кийим тигүү өнөр жайы сыяктуу көптөгөн тармактарда сатуу жана сатып алуунун көлөмү төмөндөгөн.

Өткөн жыл ичинде Кыргызстанда азык-түлүк тартыштыгы байкалды. Чек аралар жабылып, күнүмдүк керектелүүчү азыктардын таңкыстыгына санаа тарткандар болбой койгон жок. Анткени жылдын акыркы 4 айында күнүмдүк керектелүүчү товардын кымбаттаганы байкалды. Монополияга каршы көзөмөл агенттиги да муну ырастады. Базардагы сатуучулар менен маектешкенибизде баанын көтөрүлүшү боюнча себептерди атап беришти.

«Элге эң керектүү азыктар кымбаттады. Булар — кумшекер, ун, өсүмдүк майы. Баары 30 %га кымбаттап кетти. Өлкөнүн туруксуз абалынан жана чет өлкөлөрдөн кымбат келип жатканына байланыштуу болуш керек». 

Баадагы өзгөрүү импорттон улам болгону айтылып, ата мекендик өндүрүшкө маани берилиши керектиги дагы бир жолу күндүн темасына айланды. Бул боюнча илимдин доктору, профессор Асанбек Ажибеков да сунушун айткан. Ал Өкмөт тамак-аш коопсуздугу маселесинин үстүндө иштеши керек деген ойдо.

2020-жыл бизнес чөйрөсүнө да бир топ көйгөй жаратты. Пандемия башталгандан бери ишкерлер жана бизнес тармагында иштегендер кыйынчылыктарга дуушар болду. Бүгүнкү күндө бизнестин негизги көйгөйлөрү — көзөмөлдөө органдарынын кысымы, тез-тез текшерүүлөр, чек арадагы жагдайлар жана саясий туруксуздук.

2020-жылдын алты айында Кыргызстандагы ишканалардын саны 2019-жылга салыштырмалуу 36 %га кыскарды. Бул маалыматты Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков айтты. Быйыл алты айдын ичинде түзүлгөн компанияларга караганда жоюлган компаниялар көп болду. Бул салык төлөөчүлөрдүн, жумуш берүүчүлөрдүн саны азайды дегенди билдирет.

«Бизнестин абалы дале оор, муну көрсөткүчтөр далилдеп турат. Ишкерлер элдей эле эртең эмне болорун билбей жатат. «Эртең биздин товарларды бирөө сатып алабы, же мүлкүбүздү бирөө басып алабы?» — деп тынчсызданышууда. Жеке менчикти коргоо боюнча да маселелер жок эмес. Саясий процесстер турукташмайынча, өкмөт түзүлмөйүнчө, маселелер чечилбейт».

Кыргызстандын Бизнес Акыйкатчысына да ар кандай көйгөй менен кайрылгандар болду. 2020-жылдын февраль айынын соңунда ишин баштаган институтка 62 арыз түшкөн. Бизнес Акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиевдин айтымында, арыздардын 67 %ы Бишкек шаарынан келген. Ал ишкерлерге тоскоолдук жараткан жагдайларга токтолду.

«Биринчиден, мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан ишкерлерди чыгымга кириптер кылган чечимдердин кабыл алынуусу. Экинчиден, татаал жана түшүнүксүз мыйзамдар, мыйзамдык карама-каршылыктар жана кемчиликтер. Үчүнчүдөн, өтө оор салыктык башкаруу. Бул көйгөйлөр бизнестин өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратууда».

Тилекке каршы, Кыргызстанда саясат менен экономика айкалышып турат. Өнүккөн, мыйзамы иштеген мамлекеттерде мындай эместигин айткан Мусуралиев Таиландды мисалга алып, өлкөдө канчалаган төңкөрүштөр болсо да, Таиландга келген туристтердин агымы азайбаганын кошумчалады.

Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу кеминде 15 сомго чейин кымбаттады. Мындай абал базарларда, соода жайларында азык-түлүктөн баштап, курулуш материалына чейинки бааларга таасирин тийгизди. Быйыл март айларында 1 АКШ доллары 85 сомго чейин жетти. Декабрдын ортолорунда 79 сомго чейин түштү.

Бүгүнкү күнгө карата доллардын курсу 82 сомдун тегерегинде кармалууда. Улуттук банктын расмий курсу 82 сом 70 тыйын деп белгиленген. Акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда 82 сом 60 тыйындан сатып алынып, 82 сом 80 тыйындан сатылууда.

Жалпысынан алганда, өлкө бюджетинин тартыштыгы 35 млрд сомду түздү. Кыргызстандын экономикасы азыркы учурда өтө оор абалда. Ал эми эксперттер 2021-жылы ушул кризистен бат чыгып кетүүгө күмөндүү карайт. Экономика тармагынынын эксперти Эмил Уметалиевдин айтымында, 2021-жыл мындан да оор жыл болот. Уметалиев башка өлкөлөр менен соода маселелерди сөзсүз түрдө жакшыртуу керектигин белгилейт. Ошондой эле көз карандысыз сот системасын орнотуу керек, ошол учурда гана адилеттүүлүк шарттарда элдин оокат кылганга мүмкүнчүлүктөрү кеңейет. Жыйынтыгында, өлкөнүн экономикасы оңоло баштайт.

-«2021-жылы баары оңолуп жакшырып кетет дегенине көз жетпейт. Аябай оор жыл болот, ушуга баарыбыз даяр болушубуз керек. Ушул оор жылда бардык нерсени ачык көз менен кабыл алып, жашоо-шартын коргогонго ар ким өзү аракет кылышы керек. Анан жамааттык да аракеттер болушу керек. Ошондой эле биз башка өлкөлөр, башка жерлер менен соода мамилелерибизди жакшыртып, кеңейтишибиз керек». 

Буга чейин Улуттук бизнес ассоциациялар альянсынын төрагасы Искендер Шаршеев 2021-жыл эң оор жыл болорун эскерткен. Бирок 2021-жылы да абалдан чыгып кетүүгө болот деп айтты, анткени пандемия айыл чарбасына, соодага көп сокку урган жок. Көбүрөөк туризм, өндүрүш, кен казуу жана каржылык сектор катуу жабыркады. 2021-жылы да аталган тармактар сокку жейт, бирок кошумча ресурс бар.

Copyright © 2017 Maral FM