Биз менен байланышыңыз

«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоо мыйзамдары бузулганы боюнча 27 учурду каттады

Кыска кабар | 30 Дек 2020 | 897 | 0

«Жалпы иш» коомдук фондунун байкоочулары президенттик шайлоого даярдык көрүү алкагында 21-декабрдан 28-декабрга чейин мыйзамдарды бузуунун 27 учурун каттады.

Анын ичинде административдик ресурсту пайдалануу боюнча 15 далил, шайлоочуларды сатып алууда 7 далил жана коркутуу, зомбулук көрсөтүү боюнча 5 учур катталды.

27 далилдин ичинен 12си мүмкүн болгон бузуулардын белгиленген далилдерин текшерүү үчүн Ыкчам чара көрүүчү координациялык топко (ЫЧКТ) жиберилди.

Байкоочулар берген маалыматтарга ылайык, 6 учурдун төртөө президенттикке талапкер Садыр Жапаровго тиешелүү.

Эки учур Ош облусунун Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылында жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь айылында жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз үгүт ишин жүргүзүүдөн сырткары, жергиликтүү элге Жапаровго добуш бергендиги үчүн  сый акы беребиз деп убада кылышкан. Алар жарандардан паспортторунун көчүрмөсүн талап кылышкан. Бул шайлоо мыйзамдарын одоно бузгандык болуп саналат.

Дагы бир учур — Ош облусунун Араван районунда финансылык уюмдун насыя берген эксперттери шайлоочулар арасында президенттике талапкердин бирине добуш беришсе, алар насыя алган компания үч айдын ичинде насыялары үчүн үстөк пайызды жоёт деген маалыматты таратып жүрүшкөнү аныкталган.

«Жалпы иш» коомдук фондунун байкоочулары тарабынан белгиленип алынган административдик ресурсту пайдалануу учурлары талапкер Садыр Жапаровго байланыштуу.

Бул көрүнүштөр социалдык тармактагы билдирүүлөр менен да далилденген.

Фейсбук колдонуучунун социалдык баракчасында Садыр Жапаров менен болгон жолугушуу тууралуу маалымат жарыяланган. Колдонуучу Финансы министрлигинин Кочкор райондук башкармалыгынын кызматкери экени айтылат.

Бир учур талапкер Курсан Асановдун аракеттерине тиешелүү. Араван районунда талапкер үгүттөөчүлөр катары ИИБнин кызматкерлерин тарткан.

21-декабрдан 28-декабрга чейинки мөөнөттө коркутуунун беш учуру катталган. Анын бири текшерүү үчүн Ыкчам чара көрүүчү координациялык топко жиберилди.

Ош облусунун Араван районунун ошол эле финансылык уюмунун филиалында анын башчысы тарабынан филиалдын кызматкерлерине талапкер Бабыржан Төлбаевге добуш  берүү үчүн кысым жүргүзүлүп жатышы мүмкүн. Баш тарткан учурда кызматкерлерди иштен бошотобуз деп коркутуп жатышат.

«Жалпы иш» коомдук фондунун  башкармалыгынын төрайымы Аида Суйундуеванын айтымында, фонддун узак мөөнөттүү 58 байкоочусу өлкөнүн бардык аймактарында шайлоо алдындагы өнөктүккө мониторинг жүргүзүп жатышат. Алар президенттикке талапкерлер жана алардын штабдары, шайлоочулар, участок комиссиялары менен жолугушууларды өткөрүп, социалдык тармактардан маалымат чогултушат.

Жумалык байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө отчеттор фондго келип түшөт. Өтө резонанс жараткан аракеттер тууралуу маалыматтар чара көрүү үчүн тиешелүү түзүмдөргө жиберилет.

Шайлоо алдындагы мезгилге байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары  отчетто чагылдырылат жана 2021-жылдын 5-январында жарыяланат. Бул отчеттун максаты – коомго шайлоо алдындагы мезгил жөнүндө объективдүү, өз маалындагы жана калыс маалымат берүү.

Copyright © 2017 Maral FM