2020-жылдын 11 ай ичинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 миң 337 факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Бул тууралуу Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Улан Маматканов кабарлады.
2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 7 миң 428 факты катталган.
Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 25 жаран шектелип, 48 саатка камалган. Анын ичинен Бишкекте 13, Чүйдө 5, Ысык-Көлдө бир, Ош облусунда бир, Талас облусунда бир жана Баткен облусунда 4 жаран кармалган.
Буга байланыштуу 71 иш сотко өткөн. Мындай зомбулуктан 50гө жакын адам жапа чеккен. Мунун ичинен 11и — жаш балдар.