Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Төрт талапкер биригүүнүн максаты тууралуу айтышты

Кыска кабар | 29 Дек 2020 | 578 | 0

Президенттикке талапкерлер — Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Канатбек Исаев жана Каныбек Иманалиев президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтсө, биригерин жарыялашты.

Алар 29-декабрда маалымат жыйын өткөрүп, белгилүү бир топко каршы чыгуу үчүн биргелешкен чечим кабыл алынганын маалымдашты.

Талапкерлердин бири Адахан Мадумаровдун айтымында, шайлоо алдындагы өнөктүк административдик ресурстарды колдонуу, кысым көрсөтүү жана коркутуу менен өтүп жатат. Шайлоонун жүрүшү да бурмаланышы мүмкүн болууда.

Биригүү тууралуу айтып жаткан талапкерлер эгер шайлоонун экинчи туру болсо, бир талапкер көрсөтүшөт жана башка талапкерлерди да алардын катарына кошулууга чакырышат.

Алар мындан тышкары, Бишкек административдик сотуна кайрылып, талапкерлерди каттоо эрежеси бузулганын билдиришкен. Алардын жүйөсүндө, премьер-министрлик кызматын убактылуу тапшырып берген Садыр Жапаров Конституциядагы айрым нормаларды бузган.

Юрист Клара Сооронкулова Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытовду актаган Жогорку соттун чечими мыйзамсыз экенин айтууда.

Талапкерлер жаңы жылдан кийин шайлоочулар менен жолугушууларды чогуу өткөрүшөт.

Copyright © 2017 Maral FM