Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Курал-жарак алып жүргөн 6 миңден ашык жаран текшерилди

Кыска кабар | 29 Дек 2020 | 463 | 0

Шайлоо алдында коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында ички иштер органдары «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чарасын жүргүзүштү.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде күзөт агенттиктеринин тиешелүү документтери, сый белекке алган куралдардын, кызматтык, мергенчилик, травматикалык куралдардын ээлери жана аларды сактоо жайлары текшерилди.

Шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында бузууларды алдын алуу максатында республиканын бардык аймагында куралдарды алып жүрүүгө, сактоого, колдонууга уруксат берүүчү документтерди берүү убактылуу токтотулду. Курал-жарактарды саткан дүкөндөрдүн ишмердүүлүгүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 6300дөй адамдын травматикалык куралы, 120 обьекти текшерилди. Анын негизинде 220 протокол түзүлдү, 160тан ашык куралдын, 3800 ок-дарылардын сактоо эрежелери бузулгандыгы аныкталган. 9 сайлуу ок атуучу курал, кесилген курал, граната, октор табылды.

Ички иштер министрлиги ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ага тете жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, сатуу, сактоо, ташуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM