Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустан дагы төрт бейтап көз жумду

Кыска кабар | 29 Дек 2020 | 515 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан дагы төрт бейтап көз жумду. Анын үчөө Бишкек шаарында, бири Ысык-Көл облусунда катталды.

Өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1353кө жетти.

29-декабрга карата дагы 119 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде Бишкекте 51 учур, Ош шаарында бир учур, Чүй облусунда 28 учур, Ош облусу боюнча 10 учур, Талас облусунда 4, Нарын облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 18, Жалал-Абад облусунда 2 учур каталды.

Пандемия башталгандан бери 80 миң 654 адам вирус жуктуруп алды.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 277 бейтап сакайды. Алар:

  • Бишкекте – 59 учур;
  • Ош шаары – 28;
  • Чүй облусу – 64;
  • Ош облусу – 31;
  • Талас облусу – 11;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 32;
  • Жалал-Абад облусу – 33;
  • Баткен облусу – 14 адам айыкты.

Кыргызстан боюнча коронавирустан сакайгандардын жалпы саны 75 миң 334тү түзүүдө.

Акыркы суткада коронавирус жуктургандардын экөө медициналык кызматкер. Анын бири Бишкек шаарында кызыл зонада иштеп жүрүп жуктуруп алган. Дагы бир учур Талас облусунда катталды.

Ошол эле суткада 12 кызматкер айыкты.

COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4108 учур катталды, анын ичинен 3901 медкызматкер сакайды.

Copyright © 2017 Maral FM