Биз менен байланышыңыз

Казакстан америкалык «Pfizer» вакцинасын сатып алууну пландоодо

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Дек 2020 | 499 | 0

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска каршы америкалык «Pfizer» вакцинасын алып келүүгө даяр. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Министрдин орун басары Марат Шоранов алып келүү пландары болуп жатканын, азырынча компания менен маалыматты жайылтпоо келишимине кол койгондуктан кошумча эч нерсе айта албай турганын билдирди.

«Pfizer» вакцинасы Орусияда өндүрүлгөнгө салыштырмалуу эки эсе кымбат. Ага карабай бүгүн компания менен маалымат таратпоо келишимине кол койдук жана вакцинаны Казакстандын аймагына киргизүү үчүн атайын документтерди түзүүгө даярбыз», — деди Шоранов.

Конфиденциалдуулук жана вакцинаны жеткирүүнү тездетүү боюнча 30-декабрда дагы сүйлөшүүлөр болорун кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM