Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун штабы Аспеков менен Жунусбековдун үстүнөн арызданды

Кыска кабар | 28 Дек 2020 | 1172 | 0

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин Төрөхан Жунусбеков жана Мелис Аспековдун үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына арызданды.

Бул арыздын көчүрмөсү социалдык тармактарда тарады. БШК да маалыматты тастыктады. Александр Мощин укук коргоо органдарына да кайрылган.

Кайрылууда Төрөхан Жунусбеков менен Мелис Аспеков Садыр Жапаровдун шайлоо штабында иштебей турганы айтылат. Буга байланыштуу алар Садыр Жапаровдун атынан сөз сүйлөп, үгүт материалдарын колдонууга милдеттендирилген эмес.

«Төрөхан Жунусбеков менен Мелис Аспеков Садыр Жапаровго расмий жана юридикалык жактан да тиешеси жок. Аларды үгүт материалдарын колдонуп, сөз сүйлөөгө эч ким милдеттендирген эмес. Алар өздөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери менен президенттикке талапкер Садыр Жапаров жөнүндө коомдо терс пикир жаратып, ошону менен шайлоо өнөктүгүнө тоскоол болуп жатышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Төрөхан Жунусбековдун Жапаровду үгүттөп жүргөнү сындалууда

«Альфа Телеком» компаниясынын директорунун кеңешчиси Төрөхан Жунусбеков бул кызматка 8-декабрда дайындалган. Ал 14-декабрдан тарта эмгек өргүүсүнө чыгып, президенттикке талапкер Садыр Жапаровго добуш берүү үчүн үгүттөп жүргөнү айтылган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева, ошондой эле Фейсбуктун башка колдонуучулары Жунусбеков «MegaCom» мамлекеттик компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп туруп, «Шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 15-бөлүгүнүн 22-беренесин бузгандыгын айтышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM