«Альфа Телеком» компаниясынын директорунун кеңешчиси Төрөхан Жунусбековдун президенттикке талапкер Садыр Жапаровду үгүттөп жүргөнү сындалууда.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Жунусбеков 14-декабрдан тарта эмгек өргүүсүнө чыкты.
Ал «Мегакомдун» жетекчисине кеңешчи болуп, 8-декабрда дайындалган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева, ошондой эле Фейсбуктун башка колдонуучулары Жунусбеков «MegaCom» мамлекеттик компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп туруп, «Шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 15-бөлүгүнүн 22-беренесин бузгандыгын айтышууда.
Төрөхан Жунусбеков быйыл октябрь окуяларынан кийин Бишкектин мэри болууну көздөгөндөрдүн бири экени белгилүү. Ал Нариман Түлеев мэрдин милдетин аткарууга киришкенде каршы чыгып, нааразылык акцияларында жүргөн.