Биз менен байланышыңыз

28-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 27 Дек 2020 | 745 | 0
Автор: Зафер Динжер

Кыргызгидромет билдиргендей, 28-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13 °C, күндүз 0…-5 °C градус;

Таласта түнкүсүн -5…-10°C, күндүз -1… +4 °C градус;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -7…-12 градус.

Бишкекте  28-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз 0…-2 градус болот.

 

Copyright © 2017 Maral FM