Биз менен байланышыңыз

Дагы 191 адамдан коронавирус табылып, 4 бейтап каза болду

Кыска кабар | 27 Дек 2020 | 455 | 0

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус 191 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 48 адамдан, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 78, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 14, Баткен облусунда 9 кишиден табылган.

Ошол эле учурда бир суткада 343 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күндө Бишкек шаарында 3 жана Баткен облусунда бир адам каза болуп, коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 1 миң 348ге жетти.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 261 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 24 бейтап дарыланууда.

Мындавн сырткары бир күн ичинде өлкө боюнча 9 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 4, стационардан 8 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 104 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 885 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 80 миң 373 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 74 миң 820 киши айыгып чыкса, 1 миң 348 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM