Орусия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 20 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөтөт.
Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Орусиянын өкмөтү бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө пенсия жана жөлөк пулду, ошондой эле саламаттык сактоо тутумун каржылоого Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 20 млн доллар бөлөт.
«Келишимдин долбоору кыргыз тараптан жактырылган жана жакынкы аралыкта кол коюлат», — деп айтылат маалыматта.