Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети пара талап кылуу фактысы боюнча «А.К.» аттуу жактоочу кармалганын кабарлады.
24-декабрда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү («Пара талап кылуу») фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда талап кылган акча каражатынын бир бөлүгү 40 миң сом алып жаткан жеринен «А.К.» аттуу жактоочу кармалды.
Ал мүлк талашына байланыштуу жарандык иш боюнча маселени оң жагына чечип берүү максатында Өзгөн райондук сотунун судьясына берүү үчүн 120 миң сом талап кылган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.