Биз менен байланышыңыз

Сурабалдиева: Матраимовдун батирлери муктаждарга берилиши керек

Кыска кабар | 25 Дек 2020 | 784 | 0

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдон өндүрүлгөн батирлерди туура бөлүштүрүүгө чакырды.

Ал «Твиттердеги» баракчасына Райымбек Матраимовдун батирлери мыйзамдуу жол менен өткөрүлүп берилбесе, вице-премьер-министр катары атайын токтомго кол койбой турганын айтты.

Сурабалдиеванын пикиринде, бир канча жылдан бери Матраимов тууралуу журналисттик иликтөөлөргө үн катпаган УКМКнын кызматкерлерине анын батирлерин белекке берүү туура эмес.

«Кечээ да парламенттен депутаттар ушул жөнүндө суроо беришип: «Матраимовдордун квартираларын жетим балдарга бербейсиңерби! Аларга мамлекет үй салып бербейт, социалдык тамдарды күтүп чарчашты», — дешти. Муну канчалаган мугалимдер, доктурлар, социалдык кызматкерлер да туура көрмөк. Бажы, милиция, укук коргоо органдарындагы кызматкерлердин иши оор, сыйлайбыз, бирок бүгүнкү күндө акыйкаттыктын бир чоң белгиси – коомдун аялуу катмарына өкмөттүн кам көрүүсү болуш керек».

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрдагы басма сөз жыйынында Райымбек Матраимов бюджетке келтирген зыян толук өндүрүлгөнүн кабарлады.

Ташиевдин айтымында, Матраимов бюджетке 2 млрд сом төгүү боюнча тергөө менен келишкен. Ал сумманын 1 млрд 400 млн сому накталай түрдө бюджетке которулду. Ал эми калган акча кыймылсыз мүлк катары мамлекеттин эсебине алынды. Анын ичинде бир соода борбору жана тогуз батир бар.

Соода борбору мамлекеттин эсебине өткөрүлүп, сегиз батир УКМКнын кызматкерлерине, бир батир балдар үйүнө берилмей болгону айтылган.

Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомду толук төктү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM