Биз менен байланышыңыз

Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомду толук төктү

Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 2417 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бюджетке келтирген зыян толук өндүрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев басма сөз жыйынында кабарлады.

Ташиевдин айтымында, Матраимов бюджетке 2 млрд сом төгүү боюнча тергөө менен келишкен. Учурда ал сумманын 1 млрд 400 млн сому накталай түрдө бюджетке которулду. Ал эми калган акча кыймылсыз мүлк катары мамлекеттин эсебине алынды. Анын ичинде бир соода борбору жана тогуз батир бар.

Соода борбору мамлекеттин эсебине өткөрүлүп, сегиз батир УКМКнын кызматкерлерине, бир батир балдар үйүнө берилмей болду.

«Матраимовдор бүгүнкү күнгө чейин 2 миллиард сомду толугу менен кайтарып беришти, бул сумманын 1,4 миллиарды буга чейин бюджетке накталай которулган, 1 соода борбору жана 600 миллион сомдук 9 батир да мамлекеттин эсебине алынды.  Ошентип, ал 2 миллиард сом төлөгөн», — деди Ташиев.

Ташиевдин маалыматына караганда, Матраимов боюнча кылмыш иштин материалдары жакында сотко өткөрүлөт. Учурда анын чет мамлекеттердеги иштери, мүлктөрү иликтене баштады. Матраимовдун Америкадагы, Европадагы, Дубайдагы мүлктөрү иликтенет. Бул иштер иликтенип бүткөнгө чейин ал үй камагында кармалат.

Райымбек Матраимов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан быйыл 20-октябрда кармалган. Ага 2016-жылдан бери бажы тармагында коррупциялык схема уюштурган деген айып тагылууда.

Матраимов коррупциялык иштерин мойнуна алып, мамлекеттик казынага 2 млрд сом сом төлөп берерин билдирген. Анын 80 млн сомун алдын ала которгон болчу.

Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке 16-октябрда жетекчи болгон. Аны бул кызматка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров дайындаган.

Камчыбек Ташиев буга чейин да журналисттерге маалымат жыйынын өткөргөн.

АКШ Райымбек Матраимовдун жубайына да санкция салды

 

Copyright © 2017 Maral FM