Жогорку Кеңештин бир депутаты 8 жыл мурун жасаган ири кылмышы үчүн мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтурууда.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге берген жыйында айтты.
Ташиев ал кайсы депутат экендигин ачык айткан жок. Депутат 8 жыл мурда жасаган кылмышы үчүн кармалган. Учурда бюджетке келтирген зыяндын жарымын мамлекетке кайтарган.