Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик бажы кызматында Кырдаалдык борбор ачылды

Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 489 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында Кырдаалдык борбор ачылды. Анын ачылышына премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков, мамлекеттик органдардын жана эл аралык донорлордун өкүлдөрү катышты.

Кырдаалдык борборду түзүүнүн негизги максаты – Мамлекеттик бажы кызматы өткөргөн бизнес-процесстерди санарип форматына которуу.

Кырдаалдык борбордун иши төмөнкүлөргө багытталган:

  • жүрүп жаткан процесстерге мониторинг жүргүзүү жана кырдаалдын өнүгүү сценарийлерин божомолдоо, альтернативдик чечимдерди иштеп чыгуу;
  • маалыматтык ресурстарды ыкчам иштеп чыгууну уюштуруу;
  • белгиленген ченемдерден четтөөлөргө талдоо жүргүзүү жана ыкчам жооп берүү;
  • навигациялык пломбаларды колдонуп, автотранспорттук каражаттарга байкоо жүргүзүү;
  • ошондой эле тобокелдиктерди башкаруу системасынын ишине талдоо жүргүзүлөт.

Мындан тышкары Кырдаалдык борбордо колл-борбор иштейт. Мында телефон, ошондой эле Телеграм каналы жана расмий сайт аркылуу онлайн кайрылуулар боюнча жарандарга кеңеш берүү жүргүзүлөт.

Өткөрүү пункттарында көйгөйлөр пайда болгон учурда колл-борбордун кызматкерлери маселелерди чечүүнү тездетишет. Колл-борбор жыл бою 24 саат иштейт. Борборго 0312 51 06 51 номуру аркылуу чалса болот.

Кырдаалдык борборду түзүүгө республикалык бюджеттен каражат коротулган эмес. Долбоор ЕККУнун, Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коомунун (GIZ) «Борбордук Азияда соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү» программасынын жана БУУ БКБнын колдоосу менен ишке ашырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM