Вирус жуктуруп алгандардын арасында жоокерлер да бар.
Анын айтымында, казак армиясында вирустан жалпысынан 10 адам (бешөө аскер кызматкери, бешөө жарандык кызматкер) каза тапты. Баары тең госпиталда дарыланып жаткан маалда көз жумган. Жоокерлер арасында курмандыктар жок.
Министр пандемия маалында аскер кызматкерлерин жана курсанттарды иштен бошотуу убактылуу токтотулганын, дене табын өлчөө, тазалык жана аралыкты сактоо күчөтүлүп, кол алышып учурашууга тыюу салынганын айтты.
Пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 148 миң 708 адамдан COVID-19 оорусу аныкталды. Вирустан улам 2 200 адам көз жумду.
Мындан тышкары августтан бери өзүнчө эсептелип жаткан «коронавирустук пневмониядан» 479 бейтап каза болду.